Мындан 89 жыл мурун, 1928-жылы 25-апрелде советтик актёр Юрий Яковлев Москвада туулган. Аны алгач ВГИКке (Бүткүл союздук кинематография институту) "киного жарабайсың" деп албай коюшкан. Актёр болуу тилеги күч жигит Щукин атындагы театралдык училищеге тапшырат. Ал жактан 1-курста актёрдук чеберчиликти "2" деген баага аяктагандыгына байланыштуу окуудан айдалмакчы болгондо мугалиминин "бул жигитти оңдойм" деген кепилдиги менен калат. Андан соң Вахтанг атындагы Академиялык театрды аяктап, 1953-жылы актёрлук карьерасын баштаган.
25-апрелдин жылнаамасы.