"Акыркы жылдары салык кызматкерлери тарабынан бизнес чөйрөсүн текшерүүдө мүчүлүштүктөр болууда", - деп бүгүн, 26-апрелде парламентте "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороев билдирди.
Жогорку Кеңештин жыйынында “Ишкердик ишти коргоо маселелери боюнча айрым мыйзамдын актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жатат.
Анда КСДП фракциясынын депутаты Осмонбек Артыкбаев мыйзам долбоору Конституцияга каршы келе турганын айтты. "Бул мыйзам долбоорунда мурда соттолгон жарандарды салык кызматына жумушка алууга болбой турганы жазылган. Ошондой эле соттолгондугу жоюлса дагы ал кызматка орношууга болбойт экен. Баш мыйзам боюнча, эгерде соттолгон адамдын абакта отурган мөөнөтү бүтсө, ага чектөө болбош керек. Мыйзам долбоордун демилгечилери ушул маселени жакшылап карап чыгышсын", - деди ал.
Мирлан Жээнчороев билдиргендей, мыйзам долбоору коррупцияга бөгөт коюу максатында киргизилип жатат. "Салык кызматынын кээ бир кызматкерлери коррупция же туура эмес иштерди жасагандыгы үчүн кармалат. Анан айып пулга жыгылып, бир жылдан кийин соттолгонун жоюп, кайра ошол эле кызматка кайтып келишет. Биз бизнес чөйрөсүн коргоо, мамлекеттин аброюн сактоо максатында бул маселени киргиздик", - деди.