Чүй облусундагы Таш-Дөбө айылынын кире беришине төгүлчү шагыл тургундар тарабынан алынып келинген. Бул тууралуу Аламүдүн районуна караштуу Таш-Дөбө айыл өкмөтүнөн бүгүн, 26-апрелде SUPER.KG порталына кабарлашты.
"Жергиликтүү бюджеттин чектелгенине байланыштуу дачалык типтеги жолду оңдоо 2017-жылдын социалдык-экономикалык планына кирген эмес. Жашоочулар дачалык типтеги айылга бараткан жолун оңдоо максатында өзүнүн каражатына шагыл төктүрүшкөн. Шагыл жолдун 100-150 метр аралыгына төгүлгөн", - деп билдиришти айыл өкмөттөн.
Эскерте кетсек, окурман 19-апрелде "Элдик кабарга" аталган айылдын жолуна төгүлчү шагылдын үстүнөн трактор менен өтүү да оор болорун билдирген.