Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Бишкектин жолдорун оңдоо иштери менен таанышты

15-майдан тартып Токомбаев көчөсү боюнча Совет көчөсүнөн Сухе-Батор көчөсүнө чейин узундугу 1,6 чакырым жолго асфальт төшөө башталат. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Түркия кредитинин алкагында жүргүзүлүп жаткан шаар жолдорун оңдоо иштери менен таанышуу учурунда белгилүү болду. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, жолдун туурасы 12 метрге чейин кеңейтилет. Жолду куруу иштерин “Грандстар” фирмасы жүргүзүүдө. Аталган жолго үстүбүздөгү жылдын 1-июнуна чейин эки катмарлуу асфальт төшөө жөнүндө шаар башчысы Иса Өмүркулов тапшырма берген. Асфальттын биринчи катмары 7 сантиметр, экинчи катмары 5 сантиметр болмокчу. Учурда даярдоо иштери аяктаган.  Өкмөт башчы жол куруу жана оңдоо иштери жай жүргүзүлүп, шаар тургундары бул жөнүндө арызданып жаткандыгын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан