"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жактоочулары Башкы прокуратурага кайрылып, орусиялык ишкер Леонид Маевскийге карата кылмыш ишин козгоону суранды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына партиянын катчылыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, жактоочулар Маевский менен Модинди Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (коррупция) боюнча айыптоодо. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык, коррупция боюнча соттолгон жаран сегиз жылдан он беш жылга чейин эркинен ажыратылат жана анын мүлкү конфискацияланат.
Эскерте кетсек, 25-февралда Башкы прокуратура Өмүрбек Текебаевге кылмыш ишин козгогон. Башкы көзөмөл органдын маалыматы боюнча Текебаевге орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин арызынын негизинде иш козголгон. Маевский өз арызында Текебаев "Мегаком" иши боюнча 1 миллион доллар алып, аны кайтарбай койгонун айткан.