Окумуштуулар жасалма жатында мөөнөтүнөн эрте туулган козуларды багышууда

АКШнын Филадельфия штатындагы балдар ооруканасында жасалма жатын сыноодон өткөрүлдү. Анын ичине мөөнөтүнө жетпей жана өз убагында туулган козуларды жайгаштырып коюшкан. Бул тууралуу The Guardian басылмасы жазып чыккан.

Козулар тирүү калып, 4 аптадан бери чоңоюп жатышканы маалым болду. Дарыгерлер жасалма жатын келечекте эрте төрөлүп, өз алдынча дем ала албаган, эме албаган, ооруларга туруштук бере албаган ымыркайларга жашап кетүүгө жардам берерин айтышкан.

"Эгер биз дене мүчөлөрүнүн өөрчүшүн бир нече апта камсыздай алсак, ара төрөлгөн балдардын абалын бир топ жакшырта алабыз", - деген долбоордун башчысы Алан Флейк. Анын айтымында, жасалма жатын 23-28-жумалыгында төрөлгөн ымыркайлардын өөрчүшүнө жардам берет.
Учурда изилдөөчүлөр АКШнын азык жана дары-дармектерди көзөмөлдөөчү башкармалыгы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүүдө. Жакынкы 3 жыл аралыгында жасалма жатында адамдар сыналышы мүмкүн.
Филадельфияда жасалма жатында козулар багылууда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aibars
2017-04-26 16:21:53
Кудай башка салбасын, эненин жатынында толук кандуу эле болуп торолсо экен ар бир наристе.
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан