Бүгүн, 8-майда президент Алмазбек Атамбаев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен жолугушту. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, пикир алышуу учурунда өлкө башчы ардагерлерди куттуктап, алардын маселелерин чечүүнү өзү көзөмөлгө аларын билдирди. "Мен сиздерге узак өмүр каалайм. Сиздер бар биздин бактыбыз бар. Бул майрамда биз өлкөдө жамандыктарды толугу менен жеңебиз деген үмүт пайда болот”,- деди президент. Ардагерлер өздөрүнүн көйгөйлөрүн айтуу менен бирге президентке ыраазычылыгын билдиришти. Сүйлөшүү учурунда ардагерлердин социалдык маселелери көтөрүлүп, ошондой эле жаштарды патриоттуулукка тарбиялоо тууралуу сөз болду. Жыйынтыгында президент Алмазбек Атамбаев ардагерлерге эстеликке кол саат белекке берди.