Бүгүн, 26-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында КТРКнын Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү маселеси каралып жатат.
Анда "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев коомдук канал бирөөнүн куралы болбош керек экенин айтты.
"Коомдук канал чындыгында коомдук болуусу зарыл. Таалим-тарбия, жаштарыбызды жакшы нерсеге үйрөтө турган канал болуш керек. КТРК Жогорку Кеңештин, президенттик аппараттын, соттун же башка бир саясатчынын куралы болбоосу зарыл. Жеке менчик каналдарды жамандаганы туура эмес. Ушактарды таратпай элдин көйгөйүн угузуп, улуу инсандар Султан Ибраимов, Абсамат Масалиев дегендердин ишмердүүлүгүн чагылдыруу керек", - деди ал.
Мындан тышкары ал КТРКны туура саясат жүргүзүүгө чакырды.