КҮНСЕРЕП: Атамбаевдин түбүнө айланасындагы кээ бир сасыктар жетет. Сасык оппозиция же сасык маалымат каражаттары эмес

Бүгүн, 26-апрель. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеев өзүнүн мүлктөрүнүн мамлекетке алынышына каршы экенин айтып маалымат жыйын өткөрдү. “Караван”, “Сапат Центр” соода борборлору маркум атасы Ташболот Түлеевге таандык экенин, соттун чечиминде “Ташболот Түлеевдин мүлктөрү мамлекетке алынсын” деген пункт жок экенин айтууда. Коррупция боюнча 11 жылга кесилип, 4 жылдан кийин мунапыс аркылуу эркиндикке чыккан Түлеев бүгүн элге бийликтин курмандыгы катары көрүнгүсү келүүдө. Түлеевдин көп жылдар бою мамлекеттик майлуу-сүттүү кызматтарда иштегени чын. 2000-2005-жылдары, Акаевдин тушунда мамлекеттик "Темир" ишканасында башкы инженер, директордун орун басары, директор болуп иштеген. Бакиевдин тушунда 3 жыл "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасын жетектесе, 2 жыл Бишкекке мэр болуп турган. "Кыргыз темир жолу" бүгүн банкрот абалына жеткени калган ишканалардын бири. Ал ишкананын бул абалга келүүсүнө Түлеевдин да салымы жок эмес. Түлеевдин тушунда Бишкек мэриясы Кытайдан сатып алган автобустардын окуясы да унутула элек. Айтор, Түлеевдин кантип байыганы жөнүндө түрдүү пикирлер айтылып жүрөт.

Бектур Асанов, Эркин Мамбеталиев, Албек Ибраимов, Иса Өмүркулов, Абдулла Юсупов, Леонид Маевский, Дастан Сарыгулов, Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Алмамбет Шыкмаматов, Садыр Жапаров, Нариман Түлеев, Мелис Мырзакматов, Абдил Сегизбаев, Белизгейт, Измиргейт, хан сарай, телеканал... Өлкөдөгү саясий абал чакчелекей, өтө чиеленишип кетти... Ким чыныгы коррупционер, ким саясий куугунтуктун курмандыгы? Ким кылмышкер да, ким ак жеринен курмандык болууда? Ак менен караны ажыратуу эл үчүн оңой эмес болуп калды. Кечээги санаалаштар бүгүн элдешкис душман, өмүрү бирикпестей сезилгендер бир жээкте, бирикпейт дегендер бир командада жетелешип жүрүшөт. Кылмышкери, коррупционери, билимдүүсү, сабатсызы, революционери же эски режимдин акырынан жем жегендер. Баары аралаш... “Сен татыктуу”, “сен татыксыз” деп ылгап, жок дегенде Ак үйдүн өзүндө кадрдык тартип орнотууга бийликтин деле чамасы жетпей калды көрүнөт. Бийликчил партия кечээ эле "бакиевчилер" деп жээрип жүргөн фракция менен биригип, өкмөттүн отчётун кол чабуу менен кабыл алып жатат. Өлкөнү мынчалык баш аламандыкка жеткирген, жоопкерсиздикке жол берген ким? Албетте, өлкө башчысы. Эл эмес, оппозиция эмес, акыркы кездерде "крайний" кылуу модага айланган жалпыга маалымдоо каражаттары да эмес. Ал эми Алмазбек Атамбаевди ким ушундай абалга жеткиргенин ал өзү жакшылап ойлонушу керек. Душманды алыстан издебе деген кеп бар. Айланасын кеч болуп кала элегинде тазалабаса Атамбаевдин түбүнө оппозиция, ММКлар дагы эмес, ошол тегерегинде жүрүп, билгенин кылып жаткандар жетет...

Өлкө жетекчиси Алмазбек Атамбаевди “жалганчы” атаган оппозиционер Эдил Байсаловго президенттик команда жооп берди. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөновдун жообунда өлкө башчынын мүлкү тууралуу жаңылык айтылган жок. “Президент Алмазбек Атамбаев Түрк компаниясындагы үлүшүн 2003-жылы 35 миллион долларга саткан, кийин ал компаниянын аты өзгөргөн” деген маалыматты дагы бир жолу кайталоо менен чектелди. Болгону, Байсаловду "калп айтып жатасың, андай эле кыйын экенсиң өзүң тууралуу да маалымат бер" деп, кайсы бир батирлер, Ысык-Көлдүн жээгиндеги коттедждер тууралуу сөз кылып, "ошонун баарын кайсы акчаңа сатып алып жатасың", - деп суроо узатты. Үсөновдун Байсалов тууралуу маалыматтары кандайдыр бир документтер жана фактылар менен коштолгон жок.

Президенттик команда Байсаловдун “президент Түркиядагы бизнесин 35 миллион долларга сатканын, акча Атамбаевге которулганын тастыктоочу документтерди көрсөтсүн” деген мурдагы талаптарын жөн гана жоопсуз калтырды. Ошентип парламенттин трибунасынан туруп ажонун байлыгын иликтеп баштаган Өмүрбек Текебаевдин камакка алынышы бийликти тынч уйкуга алып келген жок, анын иши Байсалов өңдүү жарандык активисттер аркылуу уланууда. Оппозициячы президенттик команданы ар бир билдирүүсүнө жооп кайтарууга аргасыз кылууда. Анткени Байсалов жана коомчулук кабыргасынан коюп жаткан суроолорго конкреттүү далил келтирилбей жатат. Коомчулукта "ал далил деги барбы" деген суроо бышып жетилип турат...

Тирешүү кезеги телеканалдарга жетти. Чырдын башы КТРКдан “Сентябрь” телеканалы тууралуу сюжет көрсөтүүдөн башталып, “Сентябрь” коомдук телеканалдан төгүндөө берүүнү талап кылууда. КТРК көрсөткөн сюжетте “Сентябрь” убагында “Алиппе” телеканалынын жабдууларын тартып алганы айтылып, “Алиппенин” мурдагы кожоюну Алмазбек Абековдун интервьюсу берилген. “Сентябрдын” жетекчилиги сюжетти “телеканалды бир жактуу каралоо” деп баалады.

Оппозициялык маанайдагы “Сентябрь” телеканалын коомчулук депутат Өмүрбек Текебаевдики деп билет. КТРКдан берилген сюжетке удаа бийликтин жетегинде иштеген ММКлар “Ата Мекендин” кызматкери Кайыргүл Урумканованы каралоого киришкени көрүнүүдө. Айрым интернет басылмалары “Урумканова Бакиевдин тушунда КТРКны жетектегенин, эми Текебаевге кызмат кылып жатканын, демек, Текебаев менен Бакиевдин байланышы бар деп жыйынтык чыгарса болорун” жазып чыгышты. Логика алсыз. Ылайыгы келсе-келбесе да оппоненттерге Бакиевди жармаштыруу өнөкөтү бийликтегилерге жеӊиш алып келбейт. Мындайда КТРКнын азыркы жетекчиси Илим Карыпбеков дагы Бакиевдин тушунда иштегенин баса белгилеш керек болот. Азыркы президент Алмазбек Атамбаевдин 2007-жылы оппозицияда жүрүп Бакиев менен иштешип кеткен таржымалын дагы...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан