Украинада 9-май күнү Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондор эскерилет. Бирок Украинанын Иван-Франковский менен Львов шаарында бул күнү Георгиев тасмасы менен совет доорун чагылдырган белгилерди колдонууга тыюу салынды. Мындан сырткары өлкөдөгү стабилдүүлүктү сактоо максатында башка майрамдарда да Улуу Ата Мекендик согушту чагылдырган тасма менен белгилер колдонулбай турган болду. Мындай демилгени аталган шаарлардын кеңешинин депутаттары кабыл алышкан. Айта кетсек, депутаттар аталган согушту чагылдырган белгилер элдин маанайын бузат деген чечимге келишкен.