Армениянын президенти Серж Саргсян президент Алмазбек Атамбаевди Жеңиш күнү менен куттуктады

Армениянын президенти Серж Саргсян президент Алмазбек Атамбаевдин дарегине 9-Май - Жеңиш майрамына карата куттуктоосун жөнөткөн. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, анда Улуу Ата Мекендик согуш жылдары улутчулдукка каршы күрөштө көрсөткөн кайталангыс эрдик жана кайраттуулук азыркы жана болочок муундар үчүн дайыма татыктуу үлгү катары жашап кала берери жазылган. “Урматтуу Алмазбек Шаршенович, Жеңиштин 68 жылдыгына карата чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорду кабыл алыңыз. Согуштагы жана ооруктагы эмгектин каармандарынын өлбөс-өчпөс даңкы – жалпы байлыгыбыз,  армян-кыргыз мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн бийик руханий багыты. Кыргызстанда жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун бардык ардагерлерине чың ден соолук, бакыт-таалай жана узун өмүр каалаарымды айтып коюуңузду өтүнөм”,- деп жазылган куттуктоодо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан