"Биз" тобунун кандай чыгармасы болбосун, күйөрмандары тарабынан жылуу кабыл алынат. Бул ирет топтун ырчысы Бактияр Токторов жакында эле "Медиа-портал" бөлүмүнө жүктөлгөн "Элимдин патриоту болгум келет" ырынын клибине токтолду.
"Аталган чыгарманын жазылганына бир топ жыл болгон. Ага Кыргыз өлкөсүн башкарган өлкө башчылары түшүрүлгөн кадрларды кошуп клип да тарткан элек. Бирок саясий жагдайлардан улам жарык көргөн эмес. Андыктан бул ирет "Раззаков" тасмасына саундтрек катары жаздырып, клипке тасмадагы урунттуу учурлар кошулду", - дейт Бактияр Токторов.
"Биз" тобунун "Элимдин патриоту болгум келет" ырынын клибин бул жерден көрүӊүз.