Орусиялык популярдуу ырчы, композитор Стас Михайлов (Станислав Михайлов) 48 жашка чыкты. Ал 1969-жылы 27-апрелде Орусиянын Сочи шаарында туулган. 2010-жылы Орусиянын Эмгек сиңирген артисти деп табылган Стас Михайлов "Жылдын Шансону", "Алтын Граммофон", "Жылдын ырлары" сыйлыктарынын ээси.
Стас Михайлов музыкалык мектепке кирип, бирок эки жума да окуган эмес. Ырчынын атасы, агасы учкуч болгондуктан, өзү дагы Минсктеги учкучтар окуу жайына тапшырып, бирок аны да аягына чыгарбай таштап койгон. Андан соң аскер кызматын өтөп, кийин чыгармачылыгын өнүктүрүү үчүн Москвага келген. 1992-жылы эң алгачкы "Шам" ("Свеча") деген белгилүү ырын жазган. 1997-жылы ушундай эле аталыштагы ыр жыйнагы жарыкка чыгып, андан соң "Сенсиз" ("Без тебя") ыры радиолордон кете баштаган. Ошентип ырчы катар катары менен хит ырларды жаратып, көптөгөн сыйлыктарга арзыган. Ал эми 2011-2012-жылдары ырчы Стас Михайлов "Forbеs" журналынын изилдөөсү боюнча "орус шоу-бизнесиндеги эң бай адам" деп табылган. Ырчынын дээрлик бардык ырлары жарык көрөрү менен хитке айланып келет.
Жеке жашоосу
Стас Михайлов 1996-жылы биринчи жубайы Инна Горбго үйлөнгөн. 2001-жылы жубайлар Никита аттуу уулдуу болушуп, эки жылдан кийин ажырашкан. Кийин ырчы Наталья Зотова аттуу вокалчы менен менен сүйүү мамилесин куруп, Дарья аттуу кыздуу болгон. Ал эми 2006-жылы азыркы жубайы Инна Михайлова менен таанышып, 5 жылдан кийин ага баш кошкон. Түгөйлөрдүн ортосунда эки кызы бар.
27-апрелге карата жылнаама.