Пакистанда буйволдор арасында сулуулар сынагы өттү

Пакистандын Хайбер-Пахтунхва провинциясында сейрек кездешүүчү буйволдор арасында сулуулар сынагы өттү. Бул тууралуу 25-апрелде Dawn басылмасы жазды.

Сынакка аймактагы 200гө чукул буйвол катышкан. Калыстар сулуу, көп сүт берген буйволду жана мыкты ургаачы буйвол менен буканы тандашты. Биринчи орунду Лаик Бадар (Laiq Badar) аттуу фермердин буйволу алды.

Иш-чара жергиликтүү бийлик жана Пешавара айыл чарба университети тарабынан өткөрүлгөн. Жеңүүчүгө 75 миң пакистан рупийи (40 миң сомдун тегерегинде) берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
bond02
2017-04-27 10:07:01
Биз жактан барбаптырбы?
+1
Nazi_92
2017-04-27 10:17:20
кылганга иш таппай калганго, суроо жооп болбоптурву)))))
+2
KGstan1981
2017-04-27 12:22:25
Биз жактан дагын 120 койду албарыш керек эле.Бирок биздин 120 койлордун кардылары чыккан думболору чон майлуу канча жээшсе дагын курсактары тойбогон пародистий койлор))))
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан