Бүгүн Жогорку Кеңеште премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Өкмөттүн ишмердүүлүгү тууралуу отчёт берет

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-апрелде Өкмөттүн 2016-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу Жогорку Кеңеште отчёт берет.

Маалым болгондой, премьер-министрдин Өкмөттүн ишмердүүлүгү тууралуу отчёту өлкөнүн парламенти тарабынан бекитилген жаңы форматта даярдалган.

Буга чейин Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүк жана "Республика - Ата Журт" фракциясы өкмөттүн бир жылдык ишин "канааттандырарлык" деп табышкан. Ал эми "Ата Мекен" фракциясы өкмөттүн 2016-жылкы ишине "канааттандырарлык эмес" деп баа берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан