Украинанын Кыргыздагы элчиси кызматтан алынды

Украинанын президенти Петр Порошенко кол койгон буйрукка ылайык, аталган өлкөнүн Кыргыздагы ыйгарым укуктуу элчиси Микола Дорошенко кызматтан алынды. Буйрук кечээ, 26-апрелде чыккан.

Дорошенко өзүнүн интернеттеги баракчасына колдоо жана кызматташтык үчүн ыраазычылык айтты. Ал элчи болуп 2015-жылы 2-июнда дайындалган эле.

Айта кетсек, Дорошенко Жогорку Кеңештин депутаттары Марат Аманкулов менен Ирина Карамушкинанын Крымга барганын сынга алып, Кыргыз мамлекетинин Тышкы иштер министрлигине нааразычылык нотасын жөнөткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан