Чет жерде иштеген Кыргыз Республикасынын эмгек мигранттарынын саны 752 миӊ. Бул тууралуу 27-апрелде парламентте премьер-министр Сооронбай Жээнбеков билдирди.
Премьер ЕАЭБдин алкагында Орусия менен Казакстандагы кыргыз мигранттарынын укугун коргоо иши жакшырды деген пикирде. 752 миӊ - расмий маалымат. Расмий эмес маалыматтарга ылайык, чет мамлекеттерде Кыргыздын 1 миллиондой жараны иштеп жүрөт. Көбү Орусия менен Казакстанда.
Жээнбеков парламентте өкмөттүн 2016-жылкы иши жөнүндө отчёт берүүдө. Өкмөттүн жылдык ишин буга чейин парламенттеги башкаруучу коалиция менен "Республика - Ата Журт" фракциясы, комитеттер "канааттандырарлык" деп тапса, "Ата Мекен" фракциясы "канааттандырарлык эмес" деп баалаган.