ЭЛДИК КАБАР: Ошто жол оңдоо үчүн казылган чуңкурлар бир жумадан бери каралбай, айдоочуларга ыңгайсыздык жаратууда

Ошто жол оңдоо үчүн казылган чуңкурлар бир жумадан бери каралбай, айдоочуларга ыңгайсыздык жаратууда. Бул тууралуу окурман бүгүн, 27-апрелде SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.

"Жаздын келиши менен Ош шаарынын бир топ чоң көчөлөрү оңдоодон өткөрүлө баштады. Бирок автоунаалар эң көп жүргөн борбордук көчөлөрдү оңдоо үчүн оюп, бир жумадан бери ал чуңкурларды толтурбай жатышат. Бул көрүнүш айдоочуларга ыңгайсыздыктарды жаратууда. Унаалардын техникалык абалына да зыян келтирип жатат. Айрыкча Ак-Тилек кичи районундагы борбордук көчөнүн бүгүнкү күндөгү абалы ушундай", - дейт ал.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
ABAkg86
2017-04-27 11:09:00
Жакында эле жаны технология менен ондоп жатышкан элего. Ошол усулду пайдаланышса тез эле бутуруп салышмак.
+4
Gulim_zamujem
2017-04-27 11:14:23
Оштукуна биир эле жума болуптур Бишкектеги Бишкек Кара балта жолу эки айдан бери жататко бутолбой.
+2
ayjan_90
2017-04-27 11:24:12
Ужас тетрис ойногондойго
+2
Bolunbo.kyrgyz
2017-04-27 12:10:04
Кызыкго окмот 700 киловаттан коп свет колдонгон байлар деп парака жазып бергенден башканы окуштан башканы билеби булар озу кедейлерде деле жан бар колдонот. Кыргыз деп куйбогондор иштебей эле койгулачы ак уйдо.
0
KGstan1981
2017-04-27 12:12:38
Пр.министр же президент келишсе анан шашылып колчоктордун устуно болсо дагын чункурларды асфальташат.
0
Bolunbo.kyrgyz
2017-04-27 12:13:19
Светтен акчаны жон эле шыпырып элдин канын сордуг жегичтер. Миллиардтаган светтен тушкон акчалар кайда кетет болду экен.
0
nurbekasr
2017-04-27 12:29:36
ХХХ Токтогул суу сактагычта суу мол неге свет кымбат?.700квт светти бей бечара кедей да төлөп жатат.Эмнеге светти бир баада кылбайсыңар?Эл 700 квт болдубу болбодубу кымбат толоп эле жатышат.Жолдорду айтбай коёюн Ош Баткен жолу мышыктын таенеси ыйлай тургандай абалда.Качан өнүгөбүз?Президентке ишенбейбиз ал өзүн өзү багып жатат,эл өзүн өзү багып жатат.Президентти өзүнүн тегерегиндеки ХХХ сатып жоготуп түгөтсө экен эртерээк эле.Деги башы менен ойлонгон Кыргызга күйгөн ада
+2
baltabai
2017-04-27 13:18:23
Мээрге айткыла ондоп берет
0
Kroxa
2017-04-27 22:37:48
МЭР десен Мээр деп эркелетпей.
0
sabyr86
2017-04-28 12:25:38
Суу болуп турса каяка жамайт,чыдап тургула пикетке чыга калбай.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан