Социалдык өнүктүрүү министринин кызматына “Ата Мекен” фракциясы тарабынан көрсөтүлгөн Кудайберген Базарбаевдин талапкерлигине премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев макулдугун берди. Мындай маалыматты бүгүн, 8-майда өкмөт башчы журналисттерге билдирди. Эске салсак, Социалдык өнүктүрүү министрлигин буга чейин Кылычбек Султанов жетектеп келген жана ал үстүбүздөгү жылдын 16-апрелинде өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган.