Бүгүн, 27-апрель. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Кыргыз жеринде сөз эркиндигинин индекси начарлоодо. Бул Эл аралык "Чеги жок репортёрлор" көз карандысыз уюмунун "Басылмалардын сөз эркиндигинин индекси" деген изилдөөсүнүн жыйынтыгындагы маалымат. 2016-жылы Кыргыз өлкөсүнүн индекси артка кеткен. Норвегия, Швеция, Финляндия өӊдүү Европа өлкөлөрү алдыда болсо, артта Түндүк Корея.
Кыргыз Республикасында сөз эркиндигинин индекси кайсы президенттин тушунда кандай болгон? Кызыгы, бардык президенттердин мөөнөтү аяктап бараткан жылдары сөз эркиндигинин абалы кыйындай турганы көрүнүүдө. Акыркы 15 жылдын статистикасына көз жүгүртсөк, Акаевдин тушунда 2002-жылга салыштырмалуу индекс 2004-2005-жылдары начарлаган. Ал эми Бакиев бийликке келген 2005-жылы салыштырмалуу жакшырып, 2009-2010-жылдары кескин начарлаган. Атамбаев бийликте турган жылдары көрсөткүч жакшырып отуруп, 2016-жылы кескин начарлап кеткенин көрүүгө болот. Бул статистика кыргыз бийлиги тактыдан кетерде өз жарандарына, жарандык активисттерге, оппозициячыл көз караштагы саясатчыларга, эркин маалымат каражаттарына каршы чыга баштайт деген көрүнүш. Бул сандар өлкөдөгү адилеттүүлүктүн, жарандардын эркиндигинин, экономикалык өсүүнүн, жакшы жашоо кепилдиктеринин абалын кыйыр чагылдырат. Жашыруун эмес, 2016-жылы президент жана анын командасынын өкүлдөрү бир катар журналисттер менен соттошуп, айрымдарын утуп чыкты. "Чеги жок репортёрлор" уюмунун маалымат катчысы Украинада сөз эркиндигинин индекси жакшырганын айтып, аны "журналисттерге карата басымдын азайышы" менен түшүндүрдү. Кыргыз жеринде 2017-жылы ММКлардын үстүнөн берилген миллиондук доо арыздардын фонунда эмдиги жылкы сөз эркиндигинин индекси кайсы позицияда болору кызык...
Премьерлик креслого отурганына 1 жыл толгон Сооронбай Жээнбеков парламентке өкмөттүн 2016-жылкы иши боюнча отчёт берди. Жылдагыдай эле... Статистикалык маалыматтар, экономикалык өсүштөр айтылган мыкты сүйлөмдөр, амбициялуу пландар... Өкмөттүн ишине Жогорку Кеӊеш кандай баа берери отчёт комитет, фракцияларда каралганда эле белгилүү болгон. Депутаттардын көбү өкмөттү мактап, олуттуу көйгөйлөрдү үстүртөн сөз кылып жатышты. “Ата Мекен” жана "Өнүгүү-Прогресс" фракцияларынын “өкмөттүн иши канааттандырбайт” деген чечимин эске албаганда, Жээнбековдун өкмөтү парламенттен оппозициялык духту сезген деле жок. Алмамбет Шыкмаматов парламентте суроо-жоопту токтотуп, өкмөттү колдоп берүүнү сунуштаган кесиптештерин "кошоматчы" атап сынга кабылса, Бакыт Төрөбаев "мен мындай алсыз өкмөттү биринчи жолу көрүшүм" деди. Оппозициялык аталып, анысын иш жүзүндө түзүктөп далилдей элек Өмүрбек Бабановдун “Республика – Ата Журту” өкмөттүн ишине ыраазы.
Өкмөттүн отчёту – министрлер кабинетинин тагдырын чечүүчү маанилүү окуя. Өкмөттү мактоо, куттуктоо, ийгилик каалоолор коштогон жыйынга депутат Мыктыбек Абдылдаевдин жөндүү суроолору жан киргизди. Абдылдаев "Кумтөр" боюнча эмне иштер жасалганын сурап, Жээнбеков “Кумтөр” боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, жылыштар бар экенин, азырынча бир нерсе дей албасын билдирүү менен чектелди. Сатыбалдиев, Оторбаевдин өкмөтү сыяктуу эле Жээнбековдун өкмөтү деле "Кумтөр" боюнча чечкиндүү кадам жасай албады. Дагы бир маанилүү долбоор - “Кыргыз-Кытай” темир жолун куруу маселеси эмне болгонун сурашты депутаттар. Буга да “сүйлөшүү жүрүп жатат” деген жооп айтылды. Ушул 2 суроого берилген жооп өкмөттүн кандай иштеп жатканынан кабар бербейби? Бирок иштин майын чыгарып жатканын айткан депутаттар 90 добуш менен өкмөттүн ишин "канааттандырарлык" деп тапты. Жашоого ыраазы депутаттар Жээнбеков баштаган өкмөт мүчөлөрүн дүркүрөгөн кол чабуулар менен залдан узатышты. Ал эле эмес, жыйындын аягында Сооронбай Жээнбековго кол берип учурашуу үчүн кезекке турушуп, өкмөт башчыга берилгендигин көрсөтүп калууга аракет кылган эл өкүлдөрү көп болду...
Боинг кырсыгынан кийин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ачкан атайын эсепке топтолгон акча жабыркагандарга которулду. Акча жабыркагандардын жеке банктык эсебине которулганын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Атайын эсепке топтолгон акчанын суммасын 100 миллион 499 миӊ 300 сом деп көрсөтүүдө. Жакында эле Өзгөчө кырдаалдар министрлиги SUPER.KG порталына "атайын эсепке 101 миллион 218 сом топтолду" деп маалымат берген эле. Бүгүн өкмөт 100 миллион 499 миӊ 300 сом деп жатат. Калган сумма же 718 миӊ 700 сом кайда кетти? Акча кимдерге, кандай шартта которулду? Топтолгон акчанын баары бөлүндүбү же жарым жартылайбы? Ушул жана башка суроолор боюнча өкмөттөн так маалымат берилбей, шектенүүлөрдү күчөтүүдө. Буга чейин жабыркагандардын ар бирине банктык эсеп ачылган эле. Бирок жабырлануучулар акча которула электигин, эртеӊ Бишкекте митинг өткөргөнү жатканын айтышууда. Ал эми өкмөткө кайрылып, тийиштүү суроолорго жооп алууга мүмкүн болгон жок. SUPER.KG порталы Өзгөчө кырдаалдар министрлигине атайын эсепке жардам катары акча которгондордун атын-жөнүн, суммасын тизмелеп көрсөтүүнү сунуштап келе жатат. Министрлик коомчулуктагы күмөндөрдү ого бетер күчөтүп, тизмени жарыялабай келет. Андыктан элден которулган акчанын баары эсепке алындыбы-жокпу, бул жагы да табышмак. Мындай сунуш министр Кубатбек Бороновдун өзүнүн атына да кат иретинде жиберилгенине 10 күндөн ашты. Мыйзамга ылайык, мамлекеттик мекемелер кайрылууга 10 жумушчу күндүн ичинде жооп берүүгө милдеттүү. Элде күмөндүү ой калбашы үчүн өкмөт банктык эсептеги акча тууралуу маалыматтарды жашырбай ачык жарыялап турушу керек эле. Тескерисинче, өздөрүнүн бүдөмүк аракеттери менен суроо үстүнө суроо жаратып жатышат...