Муфтий Рахматулла ажы Эгембердиев кыргызстандыктарды Улуу Жеңиш күнү менен куттуктады

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийи Рахматулла ажы Эгембердиев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин жана кыргызстандыктарды 9-Май - Жеңиш күнү менен куттуктады. Куттуктоодо “Улуу Ата Мекендик согушка катышып, зөөкүр душмандын мизин кайтарып, мамлекетибиздин эгемендигин сактап, элибиздин бүгүнкү бейпил жашоосунун пайдубалын орноткон урматтуу аталар жана энелер! Сиздерди урматтоо, кызматыңыздарда болуу - азыркы күндүн эң сооптуу иштеринин бири. Биз сиздер менен сыймыктанабыз, эрдигиңиздер эч качан унутулбайт. Сиздер биз үчүн эл-жерди коргоо жана ага кызмат кылуунун улуу өрнөгү бойдон кала бересиздер”,- деп жазылат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан