Министрлик менен мекемелердин санын кыскартуу маселеси Жогорку Кеӊеште кайрадан көтөрүлдү. Бул тууралуу 27-апрелде парламентте депутат Искендер Матубраимов айтты.
“Мамлекеттик мекемелердин штаттарын кыскартуу маселесин буга чейин да көтөрүп келгем. Мисалы, Ош шаарынын мэриясында 4 вице-мэр бар экен. Алар эмне иш аткара турганы белгисиз. Райондук администрацияларда көп адам иштейт, бирок аткарган иши аз. Ошондуктан штаттарды кыскартуу керек”, - деди депутат.
Ошондой эле эл өкүлү ички иштер министри Улан Исраиловдон Патрулдук милициянын натыйжалуулугу жөнүндө сурап, министр Патрулдук милиция натыйжалуу иштеп жатканын айтты.