2050-жылы бүтүндөй адамзат жок болушу мүмкүн экенин АКШнын мыйзам чыгаруу жана коомдук департаментинин улуттук илимий ассоциациясынын мурдагы жетекчиси, футуролог Жеф Несбит The Independent басылмасына берген маегинде билдирген.
Эксперттин айтымында, акыр заман 2050-жылы келет. Дал ошол мезгилде “жасалма интеллект” өнүгүүнүн эң жогорку деңгээлине жетип, адамзаттын кереги жок болуп калат. Фантастикалык жанрдагы тасмалардан көрүп билгенибиздей, роботтор тез аранын ичинде бактылуу жана тынчтыкта жашап жаткан элдерди кыргынга алып, жок кылышы ыктымал экенин айтат футуролог.
Ошол эле маалда окумуштуу жасалма интеллект жүз пайыз мыкаачы болоруна ишенбээрин билдирип, алдын ала программаланган компьютерлер түбөлүктүү болуп, жалпы адамзатына тиешелүү көйгөйлөрдү чечип калышы мүмкүн экенин да айткан.
“Жалпысынан алганда жасалма интеллекттин жүрүм-турумун аныктоо азырынча оор. Андыктан 2050-жылга чейин жашоону сунуштайм. Ошол маалда кызыктын баары башталат”, - дейт Жеф Несбит. Футурологдун мындай билдирүүсү учурда кызыгууну жаратып жатат.