Бүгүн, 27-апрелде Жогорку Кеңеште “Республика – Ата Журт” фракциясынын депутаты Экмат Байбакпаев Кыргыз мамлекетиндеги жолдорду чет өлкөлүктөр куруп жатканына нааразы болду.
“Биздин өлкөдө жолду эмне үчүн кыргыздар эмес, кытайлар, түрктөр курат? Кыргыз жарандары жумушсуздуктан башка мамлекетте иштеп жүрүшөт. Жолду болсо чет өлкөлүк компаниялар куруп жатышат. Дүйнөлүк уюмдар насыя берип жатканда биздин компанияларга дагы жол курууга мүмкүнчүлүк бериш керек”, - деди ал.
Транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов айткандай, мурда ата мекендик компаниялар жол кура алышчу эмес, анткени эл аралык стандарттын талаптарына ылайык эмес болчу. Ал бүгүнкү күндө бардык талаптарга жооп берген компаниялардын саны көбөйүп жатканын айтты. Ошондой эле Бишкек-Корумду жолун Кыргыз өлкөсүнүн жумушчулары курганын билдирди. Ал эми Бишкек - “Манас” аэропортун ата мекендик компания курган. Бүгүнкү күнү компанияларды тартуу аракетин көрүп жатканын кошумчалады.