Жакынкы жылдары Кыргыз өлкөсүндө эл аралык "Дельфи оюндары" өтүшү мүмкүн

Жакынкы жылдары Кыргыз өлкөсүндө эл аралык "Дельфи оюндары" өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов биринчи жолу өтүп жаткан маданият форумунун ачылышында билдирди.

"Мэрия "Дельфи оюндарын" Бишкекте өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Оюндар башка Олимпиада оюндары сыяктуу эле ар бир 4 жылда өтөт. Андыктан жакынкы жылдары Кыргызда өтүп калат деп ниет кылабыз", - деп билдирди Албек Ибраимов.

Ал эми Мароккодон келген конок Абдеррахман Рувижель катышуучуларга өлкөсүнүн маданий фестивалдары жөнүндө айтып, кыргыздарды Марокко фестивалдарына катышууга чакырды.

"Фестиваль - жөн эле жолугушуунун жана маданиятты жайылтуунун жайы эмес. Анын бардык иш-аракеттери адамдарга тынчтык керек экендигин түшүндүрүүгө багытталат", - дейт Абдеррахман Рувижель.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан