ЖЫЛНААМА, 27-АПРЕЛЬ: 98 жыл мурун Кипрдин 2 жолку президенти Глафкос Клиридис төрөлгөн

1919-жылы 27-апрелде Кипрдин 2 жолку президенти Глафкос Клиридис төрөлгөн.

Глафкос Экинчи дүйнөлүк согуш маалында британ армиясында учкуч болуп кызмат өтөгөн. 1942-жылы немистердин туткунуна калып, согуштун аягына чейин кармалган. Согуштан кийин туткундан бошотулуп, 1959-жылы Кипрдин өкмөтү алмашып жаткан мезгилде юстиция министринин кызмат ордун ээлеп калган. Ал өлкөнүн көз карандысыздыгынан кийин 1960-жылы Кипр парламентинин төрагасы болуп дайындалып, 1961-1963-жылдары Кипрдин Кызыл крестин башкарган. 1974-жылдагы аскердик төңкөрүш аракети болгондон кийин Кипрдин президентинин милдеттерин аткаруучу кызматын ээлеген. Ошондон тартып президенттик шайлоолордо талапкерлигин көрсөтүп жүрүп, 1993-жылы шайлоонун экинчи турунда жеңишке жетише алган. 1998-жылы бул кызматка кайрадан шайланып, өлкөнүн 2 жолку президенти боло алган Клиридис 2003-жылдагы шайлоо учурунда биринчи эле турдан утулуп калат. Өз мамлекетинин абройлуу саясатчысы болгон Г.Клиридис 2013-жылдын 13-ноябрь күнү кечинде ден соолугунун кескин начарлап кетишинен улам борбор шаардагы ооруканалардын бирине жаткырылып, 15-ноябрь күнү көз жумган.

27-апрелдин жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан