Депутат өкмөт өкүлдөрүнө "бизнес чөйрөсү бейиштей болот" деген убадасын эскертип, кандай иштер жүрүп жатканын сурады

Бүгүн, 27-апрелде Жогорку Кеңеште КСДП фракциясынын депутаты Сайдолимжон Жураев өкмөттөн бизнес чөйрөсүн өнүктүрүү үчүн кандай иштер жүрүп жатканын сурады.

Депутат өкмөт өкүлдөрү "бизнес чөйрөсү бейиштей болот" деген убаданы эске салды.

Экономика министри Арзыбек Кожошев билдиргендей, өкмөт ишкерлерди сатуудан түшкөн пайда салыгынан бошотту. Текшерүүлөрдүн саны 21ден 11ге чейин азайды. Ички иштер министрлиги тарабынан кичи жана орто бизнестерди текшерүүгө тыюу салынды.

Министрдин айтымында, 2016-жылы айыл чарба тармагындагы дыйкандарга 4 миллиард 800 миллион сом насыя берилди. Насыяны 1000 дыйкан алганын билдирди. Быйыл 7 миллиард сом насыя бериле турганы пландалып жатканын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан