“2014-жылы Кыргызстан Бажы биримдигине кирет”. Бул сөздү Жүк ташуучулар ассоциациясынын төрагасы Темирбек Шабданалиев бүгүн, 8-майда маалымат жыйынында айтты. Шабданалиев билдиргендей, өлкөнүн Бажы биримдигине толук кирип бүтүшүнө 2-3 жыл керек. “Андыктан чет өлкөдөн жүк ташуучу автоунааларды ташуу мүмкүнчүлүгү бар. Ошондой эле Бажы биримдигине киргенде деле Кыргызстанда автоунаа өндүрө турган завод жок болгондуктан, алар чет жактан келиши ыктымал”,- дейт ал.