Бүгүн, 27-апрелде ырчы Асель Касымова өздүк майрамын белгилөөдө. Ырчы туулган күнүн достору менен белгилей турганын SUPER.KG`ге билдирди.
"Учурда майрамдык маанай жакшы. Күндүзү өзүмдүн жумуштарымды бүтүрөм. Андан соӊ кечинде адаттагыдай эле дос-курбуларым менен туулган күндү белгилейбиз", - дейт Асель Касымова.
Белгилей кетсек, ырчы Ош облусунун Ош шаарында туулган. 2003-2007-жылдары Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетин аяктаган. Алгач 7-класста окуп жүргөндө "Кыз-Бурак" тобунда, андан соң 2005-жылдары "Элегия" тобунда ырдап келген. 2011-2012-жылдары жеке ырчы катары "Эркелеп" аттуу ыры менен эл оозуна алынган. Ал "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "2012-жылдын дебюту" наамынын ээси болгон.
27-апрелдин жылнаамасы.