Депутат: “Көп иш чет өлкөдөн келген насыя менен бүтүп жатат. Тышкы карыз 4 миллиард долларга жакындап калды”

“Көп иш чет өлкөлүк насыя менен бүтүп жатат. Өлкөнүн карызы 4 миллиард долларга жакындап калды”, - деп бүгүн, 27-апрелде Жогорку Кеңеште “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Тынчтыкбек Шайназаров билдирди.

Анын айтымында, өлкөнүн тышкы карызы ар бир адамга 50-60 миң сомдон туура келип жатат.

“Көп иштер бүтүп жатканы жакшы, бирок чет өлкөлүк насыя менен бүтүп жатканы көйгөй жаратат. Карызы бар адам бирөөгө көз каранды болгондой, мамлекет дагы ошондой. Өлкө карызды кантип төлөйт? Өкмөт ишеничти өзүнүн ишмердиги, жасаган жумушу менен далилдеп депутаттардын колдоосуна ээ болушу керек. Бизде министрлер депутаттарга чалып мыйзам долбоорду колдоп берүүнү суранат. "Айылыңарга мектеп, спорт зал салып беребиз" деп. Бул өкмөттүн милдети. "Айылыма бир нерсе болсун" деп эл өкүлдөрү колдоп жатат”, - деди ал.

Парламентте өкмөт 2016-жылы аткарган иши тууралуу отчёт берип жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан