WhatsApp iOS версиясы үчүн жаңы пайдалуу функция кошту

WhatsApp'тын түзүүчүлөрү тиркемени жакшыртуу үчүн тынымсыз эмгектенип жатышат. Жакында эле Windows Phone менен Windows 10 Mobile үчүн тиркеменин бета-версиясында колдонуучу номерин алмаштырганы тууралуу телефонундагы байланыштарына жана группаларга автоматтык түрдө билдирүү кетирүүчү функция киргизилген. Ошол эле учурда колдонуучу кимге билдирүү кетерин тандай алат.

WhatsApp'тан iPhone колдонуучулары үчүн өзгөчө жаңылык. Тиркеменин түзүүчүлөрү Siri мүмкүнчүлүгүн кеңейтишти. Мурун колдонуучулар кабар жазып жана аудио билдирүү гана кетире алышса, эми колдонуучу Siri'нин жардамы менен келген билдирүүнү окута алат. Бул функция акыркы келген билдирүүнү окуп берет. Эми жолдо бара жаткан айдоочу үчүн билдирүү окуу көйгөй жаратпайт. Ал болгону Siri кызматынан окуп берүүнү өтүнүп коёт.

Бул мүмкүнчүлүктү колдонуу үчүн операциондук систем iOS 10.3 же андан жогору болушу керек. Ал эми так эле ушул функция Android операциондук системдерге иштелгени же иштелбегени тууралуу азырынча маалымдала элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
baltabai
2017-04-27 19:10:11
Ватсапп дагы озгорулобу
+1
Nazikbaigazy
2017-04-27 19:33:20
Канча окусамда тушунбодум, мурунку версиясы эле жакшы эле
+3
aibars
2017-04-27 20:34:13
Nazikbaigazy, Сен номеринди алмаштырып жатканда, сенин досторуна жана группадагы адамдарга ошол тууралуу маалымат кетет. Ошондой эле ошол маалыматты кетириш учун сен озун тизме тузуп алсан болот.
Айфон колдонсон келген катты телефон ( Siri ) унун чыгарып окуп берет, бул деген машина айдап бара жатып алаксыбайсын дегендик.
+4
AIZAD
2017-04-27 21:10:36
aibars,сонун тушундурмо! )))))
0
Sabrina90
2017-04-27 22:11:45
aibars,тушундурмонуз аябай сонун
0
Sardarakam
2017-04-27 20:33:37
Мен дагы мессенджер жасап жатам кудай буйруса ишке ашырам жакында ?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан