Бүгүн, 27-апрелде Жогорку Кеңеш өкмөттүн 2016-жылы аткарган ишин "канааттандырарлык" деп баалады. Анда 90 депутат "макул", 9 депутат "каршы" деп добуш беришти.
Сооронбай Жээнбеков бүгүн жакшы сын-пикир, сунуштар айтылганын, аларды эске ала турганын билдирди.
"Бир жыл мурун апрель айында өкмөттүн ишеним жана биримдик программасын, өкмөттүн курамын бекитип бердиңиздер эле. Бир жыл иш алып бардык, аракет жасап отчёт бердик. Кийинки иштеген жумушубузда айтылган сындарды эске алабыз. Ишеним көрсөткөнүңүздөргө ыраазычылык билдиребиз", - деди ал.