Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кыргызстандыктарды Жеңиш күнү менен куттуктады

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин жана кыргыз элин 9-Май - Жеңиш күнү менен куттуктады. Куттуктоодо Жеңиш күнү кыргыз элинин майтарылбас эрктүүлүгүн жана биримдигин далилдеп, эл өз эркиндиги жана мекени үчүн күрөшүүгө дайыма даяр экендигин билдирери жазылган. Ошондой эле аталарыбыздын жана чоң аталарыбыздын Улуу Ата Мекендик согуштагы өлбөс-өчпөс эрдиктери Кыргызстандын элинин эсинде түбөлүккө сакталары белгиленген.  

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жөнүндө такай жана ырааттуу кам көрүү биздин өкмөттүн социалдык саясатынын эң башкы багыттарынын бири болуп саналат. Тилекке каршы, жыл өткөн сайын ардагерлердин катары азайып бара жатат. Биз баарыбыз алардын алдында милдеттүүбүз. Азыркы кыйынчылыктарга карабастан, бул программаны туруктуулук жана чечкиндүүлүк менен ишке ашырууну уланта беребиз. Урматтуу Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери! Урматтуу мекендештер! Сиздерди Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктап, чың ден соолук, бакыт, бейпил жашоо каалайм!”- деп жазылган куттуктоодо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан