Быйылкы жылдын эң модалуу купальниктери

Кыздардын гардеробунда купальник жыл сайын алмаштырылып турат. Ар бир келген жаңы сезон түрдүү үлгүлөрдү алып келет эмеспи. 2017-жылы модада боло турган купальниктер назарыңарда.

Майо

Майо купальниктери быйылкы жылдын фаворити. Анын өзгөчөлүгү алдынкы жагындагы V-сыяктуу оюгу. Ал жоон сандууларга жана кум сааттыкындай болгон фигурасы бар кыздарга жарашат.

Монокини

Монокини кызыктуу жана популярдуу фасон. Анын алдынкы гана бөлүгү кошулуп турат. Быйыл кара түстөгү жана ачык принттери менен, курлары, өзгөчө оюгу бар монокининилер модада.

Анималисттик принт

Бул жылы жаныбарларды жакшы көргөн кыздар үчүн жагымдуу кабар, анималисттик принти бар купальниктер быйылкы жайда фаворит болууда. Эң популярдуулардын арасында жабык купальниктер. Ошондой эле жолборстукундай принти бар монокинилер мода болору айтылууда.

Спорттук стиль

Спорттук стилдеги купальниктер былтыркыга салыштырмалуу өз ордун жоготкону менен, дизайнерлер аларга да көңүл бурушту. Андыктан ыңгайлуулукту сүйгөн жана активдүү эс алуучуларга ачык түстөгү купальниктерди алуу сунушталат.

Халтер

Моюн жактан байланчу же бекитилчү халтер топиги менен купальник быйылкы жылдын хити. Мындай купальниктер ыңгайлуулугу жагынан спорттук купальниктерден артта калбайт.

Кайыш боолор

Боолору, байламалары бар купальниктер тайманбас жана сексуалдуу кыздар үчүн. Дизайнерлер бул купальниктин түрүн ойлоп таап, ар кандай боолор менен кооздошкон. Көпчүлүк түрлөрүндө боолор моюн, бел, сан жактарда тагылган.

Узун жеңдүү купальник

Модага ачык купальниктерге каршы узун жеңдүү купальниктер кирди. Бул жылы ачык принттери менен далысы ачык, узун жеңдүү купальниктер актуалдуу болорун белгилешет дизайнерлер.

Асимметрия

Брителькасы бир гана ийинине кеткен купальник 2017-жылдын тренди. Дизайнерлердин жаңы коллекцияларында бул үлгүдөгү көптөгөн купальниктер көрсөтүлгөн.

Бели узун трусы

70-80-жылдардагы бели бийик трусысы менен купальниктер кайрадан модага кайтууда. Мындай купальниктер көбүнө жарашып, буту кыска айымдар үчүн көктөн издеген табылга.

Ачык ишара

Ачык кездеме кошулган купальниктер комплекси жок, жайкыга денесин калыбына келтиргенге жетишкен кыздар үчүн.

Чачы

Быйылкы пляж кийимдери былтыркыга караганда майдараак чачылар менен кооздолгону байкалды. Мындай жаңы көрүнүш көңүлдү бурдурууда.

Бүйүрмөлөр

Бүйүрмөлөрү бар купальниктерди эң назик, романтикалуу модадагы үлгү десек болот.

Дене түстүү

Ачык түстүү купальниктер менен бирге дененин түсүндөгү купальниктер да модага кирди. Алар күнгө күйгөн дене менен айкалышып турат.

Ич кийимдикиндей стиль

Кооз ич кийимди жактыргандар быйыл дал ушул үлгүдөгү купальниктерди көп кездештире алышат. Бул купальниктер бүйүрмөлөр, токулмалар менен кооздолгон.

Токулган купальниктер

Модага токулган купальниктер кайрадан кайтканына байланыштуу, чебер аялдар өзүлөрү купальник токуй алышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
alomir
2017-04-28 12:04:58
Аялды кызганыш керек. Кийгизип алып эчким жок жактарга ээрчишип журсо бир жон,анан чоочун эркектердин алдында жарым жыланач десемда болбойт, бутундой жыланач кылып алып журуш кандай уят,уят,уят!!!
+8
orgochor14
2017-04-28 13:06:07
alomir, tuura aitasyn!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан