ЖЫЛНААМА, 28-АПРЕЛЬ: Атактуу америкалык актриса Жессика Альба 36 жашка чыкты

Белгилүү америкалык актриса Жессика Альба 36 жашка чыкты. Ал 1981-жылы 28-апрелде Калифорния штатындагы Помона шаарында төрөлгөн. Жессика Альба 5 жашында эле актриса болом деп чечкен. 12 жашка чыкканда актёрдук курстарга барып, бир жылдан соң “Адашкан лагерь” ("Затерянный лагерь") фильминдеги биринчи ролуна ээ болгон. Башкы ролду ойноочу кыз кокусунан ооруп калганда Жессика Альбаны таланттуу болгону үчүн эмес, чачынын өңү башкы каармандыкына окшош болгондугу үчүн гана бул ролго тандап алышкан.

Актриса 14 жашында күтүүсүз кырсыкка кабылат. Аны “Флиппер” сериалына тартылып жаткан убагында уурдап кетишкен. Жессика Альбанын ата-энеси киши уурдоочулар талап кылган чоң өлчөмдөгү акчаны төлөп бере алышкан эмес. Бактыга жараша, кызды кокусунан эле автоунаанын арткы жүк салган жеринен таап алышкан. Ал эми кылмышкерлер болсо ошол боюнча дайынсыз бойдон калган. Жессика Альба табылгандан соң бул кылмыш гезиттерге жарыяланып, кызга болгон көңүл буруулар көбөйөт. Натыйжада актриса "Беверли-Хилз, 90210" сериалына тартылат. Көп өтпөй эле Жеймс Кэмерондон “Кара периште” ("Тёмный ангел") тасмасына тартылуу сунушу түшөт. Бул тасмалардан соң Жессика Альба эл оозуна алына баштайт да, 2001-жылы ал “Эң ысык 100 кыз” тизмесинде биринчиликке ээ болот. Кийин ал АКШдагы эң сексуалдуу делген айымдардын катарынан орун алган.
Жеке жашоосу
Актриса 2000-жылы өзүнөн 12 жашка улуу актёр Майкл Уэзерли менен таанышып, 3 жылдан кийин ортодогу мамиле токтогондугун жар салган. Ал эми 2004-жылы кинопродюсер Кэш Уоррен менен таанышып, 4 жылдан кийин ага турмушка чыккан. Түгөйлөрдүн ортосунда 2008, 2011-жылдары төрөлгөн 2 кызы бар.

28-апрелге карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан