Украиналык ырчы Жамала турмушка чыгып, үлпөт тоюндагы сүрөттөрүн жарыялады. Ырчы менен күйөөсү Бекир Сулейманов 26-апрелде Киевдеги Ислам маданий борборунда никеге турушту.
Жамала буга чейинки ММКларга берген маектеринде сүйүктүүсү экономист, математик экенин айтып келген. Алар крымдык татарлардын кечесинде таанышып, кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөнүн билдирген. Ошондой эле өткөн жылы ноябрь айында сүйүктүүсү анын колун сураганын жар салган.
Айта кетсек, Швециянын Стокгольм шаарында өткөн "Евровидение-2016" эл аралык ырлар сынагында Украинанын атынан барган Жамала "1944" ыры менен 1-орунду алган.
Жамала Кыргыз Республикасынын Ош шаарында 1983-жылы 27-августта төрөлгөн, анын чыныгы ысымы Сусана Жамаладинова. Кийин үй-бүлөсү менен Крымга көчүп кетишкен. Бала кезинен музыка менен алектенип, Украинада, Орусияда жана Европанын дагы башка өлкөлөрүндө ар кандай музыкалык сынактарга катышып келген. 2009-жылы Юрмалада жаштар арасында өткөн "Жаңы толкун" сынагынын жеңүүчүсү болгон.