27-апрелден 28-апрелге караган түнү Бишкектеги эс алуучу жайлардын биринде казакстандык "All Davay" тобунун солисти Шокан Маратулы шаардыктарга жагымдуу маанай тартуулады. Алгач кечеде "Black star" тобунун жигиттери ырдаса, алып баруучулук кызматты аркалаган ырчы Аско оюн, кызыктуу шоу уюштуруп, коноктордун жарпын жазды. Кечеде ошондой эле Нияз Абдыразаков, "Береке" бий тобунун кыздары да өз чыгармаларын тартуулашты. Бир топ убакыттан соң сахнага көпчүлүк күткөн конок - казак ырчысы чыгып, хит чыгармаларды тартуулап кирди.
"Топтун дагы бир ырчысы Данияр чек арадагы маселелерден улам Кыргызга келе албай калды. Сиздердин биздин топту күтүп жатканыңыздарды билип, чыгармачылык кечени өткөрбөй коё албадык. Даниярдын келбей калганы аябай "больно было". Андыктан келиңиздер, сиздер билген "Ай, как больно" ырын чогуу ырдайлы", - деген Шокан Маратулы күйөрмандар менен аталган ырды чогуу аткарды.
1,5 саат аралыгында ырчы казак, кыргыз элине белгилүү "Жаным", "Без тебя" жана башка чыгармаларын аткарды. Күйөрмандар ырчы менен кошо ырдап, бийлеп көңүл ачышты.