Профилактикалык чараларга байланыштуу борбор калаада ысык суу 22-майдан 22-июнга чейин токтотулат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка мэр кол койгон.
"Сууну токтотуунун себеби жылытуу сезонуна карата жылда жүргүзүлчү профилактикалык иштерге байланыштуу. Көптөгөн шаар тургундарынын жана социалдык мекемелердин өтүнүчү менен мектептерге жана медициналык мекемелерге коюлган санитардык-гигиеналык талаптарды эске алуу менен сууну өчүрүү 22-майга жылдырылды", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, ысык суу жыл сайын 10-майларда токтотулчу.