Япон өлкөсүнүн архитекторлору пенопласттан эки саатта курула турган боз үйгө окшош үйлөрдү салып жатышат. Бул тууралуу "В ритме житья" басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, аталган үйлөрдүн негизги өзгөчөлүгү ал толугу менен пенопласттан куралып, баасы 2000 доллардан ашпайт. Пенопластты болгону өрткө чыдамдуу материал менен каптоо керек, андан ары үйдү тургузууга эки сааттай убакыт керектелет. Пенопластка шпаклёвка тартылат. Үйлөрдүн жарым шар формасында курулуусу айрыкча Япон өлкөсүндө көп кездешчү жер титирөөгө аябай туруктуу экени жазылат.
Азырынча аталган үйлөр өзүнүн мыкты экенин далилдемейинче бул үйлөргө адамдар көчүп келүүдөн чочулап жатышканы маалым болду. Ошондой эле аталган үйлөр 300 жылга чейин туруктуу болору айтылууда.