8-май күнү Нарын шаарында Жеңиштин 68 жылдыгына карата Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине сый-урмат көрсөтүү иш-чарасы болуп өттү. Нарын шаарынын мэри Баатырбек Жээналиев, вице-мэр Салтанат Эсенаманова жана Нарын шаардык аксакалдар кеңешинин төрагасы Арпачы Тайсалов ардагерлердин үйлөрүн кыдырышып, алардын ал-абалын суроо менен атайын даярдалган майрамдык белектерин тапшырышты. Өз учурунда ардагерлер жергиликтүү бийликтин мындай камкордугуна ыраазычылыктарын билдиришти.
Айта кетсек, Нарын шаары боюнча Улуу Ата Мекендик согуштун 7 ардагери бар.