ЖЫЛНААМА, 28-АПРЕЛЬ: "Ак-Өргө city" командасынын оюнчусу Эмил Эсеналиев туулган күнү кадимки күндөй өтүп жатканын айтты

"Ак-Өргө city" командасынын оюнчусу, "тамашоучу" Эмил Эсеналиев 28 жашта чыкты. Ал 1989-жылы 28-апрелде Нарын районундагы Он-Арча айылында туулган. Анын туулган күнү менен куттуктап, байланыштык. Эмил Эсеналиев туулган күнүндө эч кандай кызыктуу окуя болбогонун айтат:

"Жаш өткөн сайын туулган күнгө көп деле маани бербей калат экенсиң. Бүгүн мен үчүн кадимкидей эле күн болду. Кызыктуу окуя деле болгон жок. Жубайым, туугандарым, жакындарым куттукташты. Азыр Ак-Өргөгө ата-энеме барам, андан кийин досторум үйгө келишет".

Эмил Эсеналиев Бишкек шаарындагы "Ак-Өргө" конушунда жашап, ал жактагы достору менен "Тамашоу" долбооруна катышуу максатында "Ак-Өргө сity" командасын түзүшкөн. Ал команда 2008-жылы 1-ноябрда "Тамашоунун" алгачкы оюнуна катышып, Эмил Эсеналиев 2-оюндан тарта аралаша баштаган.
"Тамашоудон" сырткары Эмил Эсеналиев алпаруучулук, актёрлук менен да алектенип, "До+Фа", "До+Фа-2", "Пентхаус", "Мачо" тасмаларына тартылган.
28-апрелге карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
ekalove
2017-04-28 20:02:20
Майрамдаш керек!
Майрамдаш керек!
-3
baltabai
2017-04-28 20:23:04
Emil baike sizge chyn den cool UK kaalaimyn
Emil bake telefon nom tashtap ketin
-1
USSRKG
2017-04-29 12:02:46
Туура кызыгы деле кетет екен.туура кылат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан