ЖЫЛНААМА, 28-АПРЕЛЬ: 204 жыл мурун көрүнүктүү орус аскер башчысы Михаил Кутузов көз жумган

Мындан 204 жыл мурун, 1813-жылы 28-апрелде орус аскер башчысы, генерал-фельдмаршал Михаил Кутузов Бунцлау шаарында көз жумган. Анын сөөгү Петербургдагы Казань чиркөөсүнө коюлган.

Михаил Кутузов 1745-жылы 16-сентябрда Петербургда төрөлгөн. Келечектеги аскер башчынын аскер адамы болушуна атасынын тууганы Иван Голенищев-Кутузовдун салымы чоң болгон. Анын үйүндө жаш бала окумуштуу, жазуучулар, аскер адамдары менен көп жолугуп, аскер өнөрүнө кызыгуусу пайда болгон. Жаш баланын шыгын байкаган атасы аны 12 жашында Инженердик мектепке киргизет. Өзү теңдүү курдаштарынан айырмаланып көп окуп, мектепти алардан мурда 1759-жылы аяктаган. Ал гана эмес артиллериялык жана инженердик мектепте кадеттерге математикадан сабак да берген. Жыл өтпөй Ревелдик губернатор ханзаада Гольштейн-Бекске адъютант болуп дайындалып, капитан наамын алууга жетишкен. 1767-жылы эски Собор мыйзамдар жыйнагынын ордуна жаңы мыйзамдар жыйнагын түзүүдө комиссиянын курамында иштеген. Мунун баары Кутузовдун аскер башчы катары калыптанышына оң таасир тийгизген.

1768-1772-жылдары жаш офицер орус-түрк согушунда Пётр Румянцевдин кол алдында кызмат өтөгөн. 1770-жылы июнда Ряба Могилада өткөн салгылашта өзүн татыктуу көрсөткөн. Ларг жана Кагулдагы кармаштарда да гренадер батальонун татыктуу башкарып, мунусу үчүн обер-квартирмейстер деген наамга татыган. Михаил Кутузов орус армиясына немис тартиптерин жайылтууга ачыктан ачык каршы чыккандыктан, аны Смоленскидеги жөө аскерлер полкуна которушкан. 1772-1774-жылдары Крымдагы Василий Долгоруковдун армиясында кызмат өтөп, алар менен бирдикте түрктөрдүн Кинбурн сепилин алууга катышкан. Шум кыштагын басып кирген түрк аскерлерине каршы, колуна туу кармап, орус аскерлеринин башында турат. Согушта ок сол чекесинен кирип, оң көзү жагынан чыккан Михаил Кутузов аман калган. Екатерина II'нин буйругу менен аны чет мамлекетке дарыланууга жиберишкен. Ханайым Кутузовду жакындан таанып, аны "келечекте улуу генерал болот" деп ишенген. Кутузов Германия, Англия, Австриядагы дарылануу учурунда убактысын текке кетирбей, батыш европалык аскерлердин согуш өнөрү менен жакындан таанышып, Фридрих II, Пруссиянын аскер башчылары Ласси жана Лаудон менен жолугушкан.
Узак дарылануудан соң Александр Суворовдун аскерлерине жиберилип, алты жыл бою Суворовдун жардамчысы жана шакирти болуп кызмат өтөйт. Суворов болочок аскер башчынын талантын байкап, анын полковник наамын алышына чоң жардам берген. Полковник Кутузов Луган, кийин Мариупол атчан жоокерлер полкунун башчылыгына дайындалган.
1784-жылы генерал-майор наамына жетишкен Михаил Кутузов Бугдагы егердик бөлүктү башкарып турган. Жоокерлерди катуу кармаган. Бирок сөзүн эки кылбаган, милдеттерин так аткарган аскерлерди сыйлык менен кызыктырып коюуну да унуткан эмес. Аңгыча 1787-жылы орус-түрк согушу чыгат. Анын егердик бөлүгү Григорий Потемкиндин аскерлеринин курамына кошулуп, алар менен бирдикте салгылашкан. 1788-жылы аны аскерлери менен Суворовдун жоокерлери согушуп жаткан аймакка - Кинбурнга жиберишкен. Генерал Очаковду алууга катышып, биринчи алган жаракатына экинчи ирет ок тийип, өмүр менен өлүмдүн ортосунда калган. Дарыгерлер генералды тирүү калат деп ойлошкон эмес. Ошентсе да өзү аман калып, көзү көрбөй калган. Толук айыккандан кийин Кутузов аскердик жашоодон четтеген эмес, ага Буг жана Днестрдеги жоокерлерди жетектөө вазыйпасы тапшырылган. Генерал Кутузов Аккерман жана Бендерге жасалган чабуулдарга катышып, Измаил сепилин алууда да четте турбаган. Чабуул жасоо планын түзүүгө, аскерлерди даярдоого катышып, шаарды алууда да өзгөчөлөнгөн. Бул жеңиш согуштун кийинки уланышын аныктаган. Кутузов генерал-поручик чинин жана 3-даражадагы Георгий орденин алып, Измаилге комендант болуп дайындалган. Ошентип ал Днестр менен Прутту башкарып калган.
Кутузов орус аскер башчыларынан алгачкылардан болуп Наполеонго каршы чыккан орус аскерлерин жетектеген. Бирок ал Австрия падышасына жана австриялык башкы командачыга баш ийген. Орус жоокерлери Австриянын армиясына жаңы гана кошулганы турганда Наполеон австриялыктардын таш-талканын чыгарган. Мына ошондо Кутузовго өз алдынча аракет жүргүзүүгө уруксат беришкен. Душмандын аскерлеринин курчоосунда калбаш үчүн орус аскерлери артка чегине берген. Бир аз убакытка болсо да душманды токтотуу максатында аскер башчы Шенграбен кыштагына 5 миң аскерди Багратиондун жетектөөсү алдында калтырып кетет. Алар француздардын 30 миң аскеринин чабуулуна туруштук берип, Кутузовдордун курчоодон чыгып кетишине шарт түзгөн. Ал учурда Орусиядан кошумча күч келе жаткан эле. Буга таянып эки император "чабуулга чыгуу керек" дегенине карабай, Кутузов ага каршы болгон. 1805-жылы ноябрда Аустердицтин алдындагы согушта орус-автриялык жоокерлерди Александр I башкарып, салгылашты уттуруп койгон. Күнөөнү Кутузовго оодарып, аны кызматынан кетирип, Киевге аскер губернаторлукка отургузуп коюшкан.

28-апрелге карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан