КИНОЗАЛ: Эксклюзив! Кенже Дүйшееванын туулган күнүндөгү отчеттук концерти SUPER.KG порталында

28-апрелде "Кинозал" бөлүмү ырчы Кенже Дүйшееванын 2016-жылдын 12-октябрь, өзүнүн туулган күнүндөгү 20 жылдык отчёттук концерти менен толукталды. Ырчынын билдирүүсүндө, бул анын эсинде калган, эң таасирдүү концерти.

"Өнөр адамдары мезгил-мезгили менен өзүнүн чыгармачылыгына саресеп салат. Сахнадагы 20 жылдык отчёттук концертимди өзгөчөлүктөр коштоду. Көпчүлүк ырчылар жеке концерт дешкени менен, ырчыларды чакырып, биргеликте өткөрүп салууну адат кылган. Менин бул концертимдин өзгөчөлүгү - басымдуу бөлүгүн өзүмдүн аткарууларымдагы ырлар түздү. Болгону, өзүм тарбиялаган "Жебе" тобу, 2-3 дуэт ырдады", - дейт ырчы.

Ошондой эле ал 2 күн тең элдин тынымсыз кол чабуусу, колдогону, сүрөгөнү эргүү, кубаныч тартуулаганын кошумчалады.

Эске салсак, ырчы бул күнү кызы Томиристи сахнага алып чыгып, дуэт аткарышып, жолдошунун 101 даана роза гүлүнө арзыган.

Концертти көрүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан