"Адилет" укуктук клиникасынын башчысы Чолпон Жакупова президент тууралуу оюн өзгөртпөйт. Бул тууралуу ал 24.kg'ге билдирген.
Анын айтымында, ал мыйзамды сыйлайт жана өз оюн айтуу мүмкүнчүлүгү үчүн президентке өзүнүн үйүн берүүгө даяр экенин айткан.
"Менин аракетим натыйжа бербесин түшүнүп жатам, бирок эң алгач мыйзамды сыйлайм. Ал эми доогердин арызына ылайык, доо коюлган менин сөз эркиндиги тууралуу тегерек столдо сүйлөгөн сөзүмдө какшык менен мыскыл эле бар болчу. Кечирип койгула, мен биздин өлкөдө мыскыл менен какшыкка тыюу салынганын билген эмесмин. Бирок мен өз оюмду өзгөртпөйм, менин азыр ачуум келип жатат. Ойдун эркиндигин коргоочу, Конституциянын тамгасы тебеленди. Мен өз оюмду айттым, ал бийликке жакпаса же ал каалагандай болбосо, аны айтпаш керек экен. Эгер Алмазбек Атамбаевге сатисфакция үчүн менин Ысык-Көлдөгү 65 чарчы метрлик үйүм керек болсо, мен өз оюмду айтуу үчүн аны берүүгө даярмын", - деген Чолпон Жакупова.
Ал 1-майда Кыргыз президентин шайлоо алдындагы өлкөдөгү абал жана сөз эркиндиги боюнча доклад окуу үчүн Вашингтондо өтө турган конференцияга учмак экенин кошумчалаган.
"Бирок учпай калдым. Балким, ал тууралуу билип калышып, эч кайда кетпөө тууралуу кат алышты", - дейт Жакупова.
Эскерте кетсек, Башкы прокуратура "Занозага" каршы сотко бешинчи доо арыз бергени маалым болду. Ага аталган сайтка Жакупованын сөз эркиндиги боюнча жыйында сүйлөгөн сөзү жазылган материал себеп болгон. Башкы прокуратура укук коргоочу, "Заноза" сайты, Дина Маслова, Нарын Айыпты ар бирин 3 миллион сомдон төлөтүү боюнча сотко кайрылган.