Нарын. Казакстанда өткөн эл аралык мелдештен нарындык мушкерлер жемиштүү кайтышты

1-майдан 6-майга чейин Казакстандын Чымкент шаарында бокс боюнча эл аралык мелдеш болуп өттү. Ага Кыргызстандан 9 мушкер катышып, төртөө жарым финалга чыгып, анын ичинен үчөө 3-орунду камсыз кылышты. Катышуучулар мектеп жашындагы жаш спортчулар. Нарын облусу боюнча аталган мелдешке 3 спортчу катышып, анын ичинен Нарын районуна караштуу Жан-Булак айылынын 8-классынын окуучусу Иличбек уулу Бекжан (сүрөттө) финалга чыгып, 2-орунду камсыз кылды. Бекжандын машыктыруучусу Жеңишбек Жолчиев билдиргендей, жаш спортчу 2-даражадагы диплом жана күмүш медаль менен сыйланды. “Учурдан пайдаланып, мелдешке катышып келүүбүзгө демөөрчүлүк кылгандарга ыраазычылык билдирмекчибиз”,- дейт машыктыруучу. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан