14 жаштагы кызды зордуктаган адам өз күнөөсүн моюнга алды. Чүй облустук ИИБинин басма сөз кызматы билдиргендей, окуя тууралуу Аламүдүн районунун 40 жаштагы А.А. аттуу тургуну милицияга кайрылып, “28-апрелде бейтааныш адам 14 жаштагы кызымды күч колдонуп зордуктап, андан соң коё бербей, белгисиз бир үйгө камаган” деп билдирген. Окуя боюнча ыкчам иликтөө жүргүзүлүп, кылмышка шектелип 8-майда 21 жаштагы Э.Ж. аттуу жаран кармалды. Ага карата кылмыш иши козголуп, тергөө маалында кармалган адам өз күнөөсүн моюнга алды. Териштирүү иштери улантылып жатат. Айта кетсек, жашы жете элек кызды зордуктаган адам 129-берене боюнча 8-15 жылга же андан көп убакытка эркинен ажыратылышы мүмкүн.