ЭЛДИК КАБАР: Кайсы чиновник дем алыш күнү кызматтык унаасын пайдаланып жүрөт?

Бүгүн, 29-апрель дем алыш. Кайсы чиновник иш эмес күнү кызматтык Кадиллак автоунаасын пайдаланып жүрөт? Мыйзамга ылайык, дем алыш күндөрү кызматтык унааларды жеке иштерге пайдаланууга жол берилбейт эмеспи...

Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлап, автоунаанын ээси ким экенин билип, аты-жөнүн элге жарыялоону талап кылды.

"Кызматтык Кадиллак Сокулукта "Фрунзе" соода борборунун алдында токтоп турат. Бул соода борбору чиновниктердин биринин бизнеси эмеспи? Эмне үчүн кызматтык унааны жеке максатта пайдаланып жүргөнүнө жооп берсин", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
albek8589
2017-04-29 16:18:06
Бул кадилактын дайым эле жургонун коробуз Тил комиссияныкы болушу мумкун
+3
Nurtilek001
2017-04-29 16:19:36
Ким экенин ачыктап, машинаны алып коюш керек, вообщеле жогору жакта отургандарга кызматтык унаа, батир, жардамчы дегендерди жоюш керек, жонле чыгым кылбай, жардамчы алып оздору эмне иш кылат, оз чонтогунон толоп ала берсин.
+13
Kroxa
2017-04-29 17:26:24
Жогору жактагыларга соз жок...качан кайда айдайт кимдин иши канча..
+6
nurchik05
2017-04-29 17:29:30
журсо жургондурда
-5
bond02
2017-04-29 19:31:40
Ошто болгондо дем алыш куну ЗАГСка чыкмак экен.
+4
Makain
2017-04-29 20:45:35
Туура айдасын колдон келип турганда 24саат айдатыш керек
-4
cfif03748
2017-04-30 09:32:13
буларга бирден кызматтык скутер бериш керек эле даа.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан