Өлкө башчы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүнүн 70 жылдыгын элдик майрам катары майрамдоо тууралуу буйрукка кол койгон. Бул тууралуу Алмазбек Атамбаев бүгүн, 9-майда Жеңиш күнүнүн 68 жылдыгын белгилөө салтанатында билдирди. Анын айтымында, аталган буйрук Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жана ооруктун эмгекчилеринин социалдык абалын жакшыртуу программасын ишке ашырууну өзүнө камтыйт.
“Мен сиздерге убада берем. Буга өкмөт бардык күчүн жумшайт жана парламент аны колдоп, бюджеттен каражат бөлөт деп ишенем. Мындан ары келечек муун үчүн кан төгүп, өз жанын аябаган баатырларыбыз бир нерсеге муктаж болуп, кимдир бирөөгө тизе бүгүшүнө жол бербөө керек. Кеч болсо да бүгүнкү көзү тирүү ардагерлерге колдоо көрсөтүшүбүз зарыл”,- деди Алмазбек Атамбаев.