Сапар Исаков Жаш ишкерлер ассоциациясынын өкүлдөрү менен "Таза коом" долбоорун талкуулады

Президенттик Аппараттын жетекчиси Сапар Исаков Жаш ишкерлер ассоциациясынын өкүлдөрү менен "Таза коом" долбоорун талкуулады. Бул тууралуу 28-апрелде президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Сапар Исаков ишкердикти өнүктүрүү үчүн жакшы шарттарды түзүү мамлекеттин негизги милдети экенин белгиледи.

"Бизнес - өлкөнүн экономикалык өнүгүшүнүн кыймылдаткыч күчү. Мамлекет ишкерлер үчүн бардык шарттарды түзүп бериши керек. "Таза коом" долбоорунун алкагында шаар, өкмөт электрондук кызмат көрсөтүүлөргө өтөт. Мында мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланууда жеңилдиктер болуп, бюрократиядан арылта алат. "Таза коом" мамлекеттик башкаруу системиндеги ачык-айкындуулукту жогорулатат жана коррупциянын алдын алат. Бул биздин келечек", - деди Исаков. Андан соң жаш ишкерлер ассоциациясынын өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берди.

Маалымат иретинде.

"Таза коом" долбоорун Кыргыз Республикасынын Президенти демилгелеп, жарандык коом, мамлекеттик түзүмдөр жана бизнес өкүлдөрүнүн күчү менен ишке ашырылууда. "Таза коом" - жарандарына кызмат кылган, сапаттуу мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү берген жана бизнеске жакшы шарт түзгөн мамлекетти куруу боюнча жалпы улуттук жогорку технологиялык долбоор. Бул долбоорду ишке ашыруу менен мамлекеттик башкаруунун ачыктыгына жетишип, коррупцияны алдын алууну күчөтүү мүмкүн. Долбоор жарандардын социалдык-укуктук чөйрөсүн камтып, алардын жашоо сапатын жана коопсуздугун арттырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан