Советтик жана орусиялык ырчы, актёр, композитор, продюсер, Орусиянын Эмгек сиңирген жана Эл артисти, Украинанын, Чеченстандын, Ингушетиянын Эл артисти Филипп Киркоров бүгүн, 30-апрелде 50 жашка толду. Ал Болгариянын Варна шаарында теги армян болгон болгар ырчысы Бедрос Киркоровдун үй-бүлөсүндө туулган. Музыкалык окуу жайды 21 жашында артыкчылык менен бүтүргөн. Бирок чыгармачылык жолун андан 3 жыл мурун эле баштаган. 1985-жылы болгар тилиндеги “Алёша” деген ыры менен биринчи жолу көгүлтүр экранга чыккан. Ошондон кийин чыгармачылык чыйыры башталып, 1987-жылы акын Илья Резник менен таанышат да, ал жаш ырчыга чоң жардам көрсөткөн биринчи адам болуп калган.
30-апрелдин жылнаамасы.